Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

Албек Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү


Арашанда өткөн жыйындан бир көрүнүш.
Арашанда өткөн жыйындан бир көрүнүш.

19-июлда бир нече кылмыштарга шектүү катары кармалган Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү.

Арашан айылындагы маданият үйүнө чогулган Албек Ибраимовдун тарапкерлери жыйын өткөрүп, мурдагы мэрди коргоо комитетин түзүштү. Он кишиден турган коргоо комитетинин мүчөсү Жагаш Өмүркулов комитет Ибраимовдун иши калыс тергелишине көз салып тураарын билдирди.

- Террористти кармагандай кылып маскачандар келип алып кеткени туура эмес. Себеби Албек эч жакка качкан эмес, өзүнүн үйүндө отуруп ар бир суроого жооп берип аткан. Бул иштер туура эмес. Ал эми шаарда иштеп жатканда кандай катачылыктарды кетиргенин, эмне болгонун иликтөө органдары калыстык менен чечиши керек, - деди ал.

Жыйынга чогулгандар Албек Ибраимов негизсиз камалганын айтып, азыркы бийликти кескин сындашты. Алар массалык маалымат каражаттарында айтылып жаткан айылдагы 30 гектар жерди мурдагы мэр жергиликтүү тургундардан мыйзамдуу түрдө сатып алганын белгилешип, Ибраимовду атайын каралоо жүрүп жатканын айтышты.

Азырынча арашандыктардын мындай нараазылыгына президенттик аппарат комментарий бере элек. Жыйынга катышкан район акими Алтынбек Намазалиев жергиликтүү тургундардын талабын бийликке жеткирээрин билдирди.

Мындан тышкары жыйында "Албек Ибраимовдун үйүнүн күзөтчүсүмүн" деген Азат Көбөков аттуу жаран УКМК кызматкерлери Ибраимовду кармап кетип жатканда аларды сабап, видеокөзөмөл тасмаларын алып кеткенин айтып чыкты:

- Тосмону талкалап киришкен. Кайтарууда жашы элүүдөн ашып калган атам турчу. Аны тепкичтен сүйрөп түшүп бурчка байлап коюшуптур. Атамды “сүйлөбө” деп коркутуп койгон окшойт. Биз ары жакта ишибизди кылып атканбыз. Келип бизди да тээп, уруп-чаба башташты. Биз бешөөбүз алар эмнеге келгенин түшүнбөй калдык. Отузга жакын маскачан куралданган кишилер болчу.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду кармоо учурунда анын сакчылары сабалды" деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирди. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө мындай деп айтылат: “Ибраимовду кармоо учурунда ок атуучу курал же атайын каражаттар колдонулган жок. Ал жердегилердин бири да УКМКнын кызматкерлерине кандайдыр каршылык көрсөтүүгө үлгүргөн эмес. Сакчылардан алынган курал кайра өздөрүнө кайтарылып берилген”.

УКМК сакчыларга эч ким кол тийгизбегенин, бул тууралуу алардын өздөрү жазган көрсөтмөлөрү бар экендигин белгилеп, “Ибраимовдун "курал колдоном" деп айтканы, жакынкы айылдардын элинин артына жашынууга аракет кылганы анык” деп кошумчалады.

УКМКнын маалыматы боюнча Ибраимов бир нече кылмыш ишинин алкагында шектүү катары өтүп жатат. Алардын арасында Бишкектин мэри "Дастан" заводунун башкармалыгынын жетекчиси болуп турган учурда кымбат баада жабдыктарды сатып алуу менен 270 миң долларды өз пайдасына жумшоо, ушул эле ишканага караштуу "Күнөстүү жээк" ("Солнечный берег") пансионатын сатуу менен 152 миллион сомго зыян келтирүү жана борбор калааны башкарып турганда 5 гектардан ашык жер тилкесин сатуу боюнча козголгон үч кылмыш иши бар.

УКМК Ибраимов эмнеге кармалганын түшүндүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Мурдагы мэр Албек Ибраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги акыркы жакын адамдарынын бири болчу. Саясий айдыңда анын кызматтан алынып, кылмыш иши козголоору боюнча божомолдор буга чейин айтылып келген. Эми коомчулукта "экс-президенттин тарапташтары саясий акцияларды уюштурушу мүмкүн" деген кеп жүрүп жатат.

Саясат талдоочу Турат Акимов азырынча ири саясий акциялар болушу мүмкүн эмес деген пикирде. Ал өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын өзгөрүшү азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүү багытына жана кадр маселесиндеги кадамдарына байланыштуу болоорун белгилейт.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Бул бийлик азыр Ибраимовго реалдуу далил фактыларды таап, күнөөсүн аныкташ керек. Эгерде коомчулукка айтылган фактылар аныкталбай калса бул жөн эле өч алмай жана саясий майданды тазаламай болуп калат. Экинчиден, Жээнбеков кадр маселесин кантип чечет - ошол маселе жаратат. Баягыдай эле бийликке коррупция менен туугандары келеби же идеясы бар адамдарбы? Ушул маселерден баары көз каранды, - деди серепчи.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен бошотулган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектүү катары УКМКнын тергөө абагына камалган.

51 жаштагы Албек Ибраимов 1997-жылдан бери экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жакшы ымалада экени белгилүү. Атамбаев “Кыргызавтомашты” башкарып турганда Ибраимов бөлүм башчы, коммерциялык директор болуп иштеген. Ал эми Атамбаев соода, өнөр жай жана туризм министри болуп турганда Ибраимов анын кеңешчиси болгон.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин келген Убактылуу өкмөттүн тушунда Ибраимов “Бишкек” эркин экономикалык аймактын башчысы болгон. Бир жылдан кийин эле “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган. 2012-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ибраимов 2013-2016-жылдары “Манас” аба майданын жетектеген. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп 2016-жылы февралда шайланган.

Албек Ибраимов 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 42-орунда болгон.

Ибраимов күч түзүмдөрү тарабынан кармалган Атамбаевдин кезектеги үзөңгүлөшү болуп калды. Буга чейин экс-президенттин айланасында жүргөндөрдүн арасынан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоонун айланасындагы кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

Мурдагы мэр Ибраимов 29-августка чейин камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG