Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:31

Талас: жайлоодогу өрт кайра башталат деген коркунуч бар


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таластагы өрт тууралуу сүрөтү. 7-август, 2018-жыл.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таластагы өрт тууралуу сүрөтү. 7-август, 2018-жыл.

Таластын Манас районуна караштуу Жайылган айылындагы Казакстан менен чектеш «Алмалуу тоо» жайлоосунда 28-июлда чыгып, ошондон берүү толук өчүрүүгө мүмкүн болбой жаткан өрттөн бир гектардан ашык жердеги арча-кайың, чөп-чар күйүп кетти.

Тилсиз жоо 7-августта түштөн кийин жааган жамгыр менен басаңдады. Бирок өрт аба ырайына жараша кайра тутанышы мүмкүн экенин өрт өчүрүүчүлөр билдиришти.

Өрт чыккан жер болжол менен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Тогуз күн ичинде үч жолу өчүрүлгөнүнө карабай, өрт улам кайра тутанган. Буга казак тараптан соккон шамал себеп болуп жатканы айтылган. Аймакта 1-августтан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өчүрүү иштерине 500дөй киши тартылганын "Азаттыкка" маалымдады. Анын айтымында, кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Кыргызстандын аймагындагы өрттү өчүрүүгө техника жана вертолеттун жоктугу тоскоол болууда:

- Бүгүнкү күндө тоолуу аймакка чыга ала турган машинелерибиз жок. Тик учак да жок. Кыргызстан боюнча ошондой. Кол менен гана өчүрөбүз. Мына бул жер Казакстандын аймагы. Ушул жактан бизге да өтүп кеткен. Казак тараптын бүгүндөн тартып (7-август) тик учактары келип, өчүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Буга чейин эч кандай иш жүргүзүшкөн эмес. Ал жактан от чыгып кеттиби же башка болдубу, билбейбиз. Шамалдын нугу менен өрт биз жакка өтүп жатат.

Өрт алган жердин көбү жайыт, 20 гектарга жакыны токой аянты.

Буга чейин жайлоодо чек арадагы аймакта чыккан өрттүн Казакстан тарабы өчүрүлгөнү, ага казак тараптан 150дөй адис жана бир тик учак тартылганы кабарланган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда быйылкы жылдын башынан бери 2000ден ашык өрт катталган.

Кыргызстанда мурда да бийик аймакта чыккан өрт көпкө созулган учур болгон. 2015-жылы 13-августта Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү мүмкүн болбой, 120 гектардан ашык жердеги кургак чөп жана бадалдар күйүп кеткен. Натыйжада Казакстандан МИ-26 тик учагы жардамга чакырылып, бир чети жаан жаап, тогуз күндөн кийин гана өчүрүлгөн. (AlS/NT)

XS
SM
MD
LG