Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары баш калаанын башчылыгына талапкер Азиз Суракматовдун программасын укпай эле добуш бермей болушту. Муну Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы сунуш кылып, көпчүлүк колдоду. Алар Суракматов мурда өз пландарын бардык фракцияларга айтып бергенин буга негиз кылышты.
Жыйынга 45 депутаттын 42си келгени кабарланды.
Шаардык кеңеште беш фракция бар, алар - КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан".
Ал арада мэриянын алдына ондогон жарандык активисттер чогулуп, мэр шайлоо жараянына каршы нааразылык билдирип атышат. Алар баш калаанын башчылыгына КСДП фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындап чыгышты. Акциянын катышуучулары колдоруна шаардык кеңештин депутаттарына нааразылык билдирген жазууларды көтөрүп, алардын тарашын талап кылып алышат.
Элдин пикири менен эсептешүүнү суранган активисттер нааразылык иретинде шаардык кеңештеги фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү өрттөй турганын билдиришкен.
Бишкек шаарынын мэринин кызматына Азиз Суракматов жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.
Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланган.
Мэр шайлоо жараянын бул жерден түз көрүңүз: