9-августта Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,
Нарын жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 12...17 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус жогорулайт.