Бишкектеги мурдагы эт комбинатында бүгүн, 9-августта таңга маал чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өрт Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имаратта чыккан.
Аны өчүрүүгө беш бөлүм тартылган. Өрттү өчүрүүгө саат 04:53төн тартып адистер барышкан. Азыр аларга милиция да көмөктөшүп жатат.