Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:20

Активист мэр шайлоого байланыштуу өкмөттү сотко берди


Канышай Мамыркулова мэр шайлоону токтотуу тууралуу акция учурунда. 8-август, 2018-жыл. Бишкек шаары.
Канышай Мамыркулова мэр шайлоону токтотуу тууралуу акция учурунда. 8-август, 2018-жыл. Бишкек шаары.

Журналист жана активист Канышай Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу өкмөттү, президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясын, БШКны, "Кыргызтест" мекемесин сотко берди.

Мамыркулова "Азаттыкка" Суракматовдун мамлекеттик тилди билишин аныктаган сынакты "мыйзамсыз" деп эсептей турганын билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты" Кыргызтест" өткөрсө мыйзамдуу болмок. Мындан улам ал 8-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Соттун катчылыгы доо арызды каттады.

Журналист сотко берген мекемелер жана өкмөт мэрликке талапкердин тил сынагы тууралуу комментарий бере элек.

Быйыл 26-июлда мэр кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташ үчүн комиссия түзүлгөн. 31-июлда Бишкек шаардык кеңешинде жалгыз талапкер Азиз Суракматов сынактан өтүп, комиссия бир добуштан "ал кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.

8-августта мэр шайлоо атаандашсыз өтүп, шаардык кеңеш көпчүлүк добуш менен Азиз Суракматовду бул кызматка шайлады.

Шайлоону утурлай 50гө жакын жарандык активист, шаар тургундары мэриянын алдына чогулуп, нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар атаандашсыз өткөн шайлоого жана Суракматовдун талапкерлигине каршы болуп, шаардык кеңештин тарашын талап кылышты.(NT)

XS
SM
MD
LG