Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Мэр шайлоонун мээнети


Бишкек. Мэр шайлоонун шартына каршы чыккан активисттер. 6-август, 2018-жыл.
Бишкек. Мэр шайлоонун шартына каршы чыккан активисттер. 6-август, 2018-жыл.

6-августта жарандык активисттер 8-августка белгиленген Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун шартына каршы акция өткөрүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоону токтотуу тууралуу "Биздин укук" жарандык коомунун өтүнүчүн четке каккан чечимин жарыялады. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Азиз Суракматовдун программасын жана "Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулаган эки башка коомдук жыйын өттү.

Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбооруна арналган коомдук талкуу Бишкек шаарынын мэрин жалгыз талапкердин катышуусунда өтө турган шайлоого эки күн калганда уюштурулуп жатат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин пикиринде, айыл өкмөт башчылары, мэрлер түз шайланса аларга көбүрөөк ишеним артылат:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Бир да мэрдин же айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына талапкер программа менен чыкпайт, элдин алдына чыкпайт, талапкер катары айылдарды аралабайт, шаардын көчөлөрүн аралап элге чыкпайт. Эртеси күнү, депутаттар аркылуу шайланып алгандан кийин, элге отчет бербейт. Бул эң негизги кемчилик. Биз түз шайлоо аркылуу элге отчет бере тургандай кылышыбыз керек. Ошондо гана натыйжалуу жергиликтүү башкаруу орнойт.

Талкуу учурунда "мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо демилгеси парламентаризмдин принциптерине каршы келип, өлкөдө кош легитимдүүлүк проблемасын мындан да тереңдетет" деген пикирлер айтылды.

Коомдук ишмер Кубатбек Байболов "бул мыйзам долбоору колдоо тапса, мэрлер менен шаардык кеңештердин ортосундагы чатак ого бетер күчөйт" деген оюн “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

Кубатбек Байболов.
Кубатбек Байболов.

- Бүгүн күндө биз шаардын мэрин шайлап алган болсок, парламенттин түзүмү болгон шаардык кеңеш менен шайланган мэрдин ортосундагы чатакты пайда кылган болот элек да. Илимде айтылган, кош легитимдүүлүк проблемасы пайда болмок, шаардын деңгээлинде. Кыргызстандын деңгээлинде кош легитимдүүлүк маселеси отуз жылга чукул келе жатпайбы. Жалпы эл тарабынан шайланган парламент менен жалпы эл тарабынан шайланган президенттин ортосундагы тымызын тартыш... Бир туруп президент өзгөртөт Конституцияны, бир туруп депутаттар демилге көтөрөт. Мына ушул маселени биз шаардын деңгээлине да түшүргөн болот элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорун президент өзү да колдогонун билдирди. Бирок жыйындын айрым катышуучулары бийлик үчүн мындай шарт ыңгайсыз экенин айтып, Ош жана Бишкек сыяктуу ири шаарлардын мэрлери аткаруучу гана эмес, чоң саясий фигурага да айланышы ыктымал экенин эскертти. Алардын бири, жарандык активист Адил Турдукулов “Азаттык” менен болгон маегинде буларга токтолду:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Шайланган мэр Ошто болобу же Бишкекте болобу, сөзсүз түрдө президенттен кийин, керек болсо кээ бир учурда президенттен өйдө турган жана эч кимге көз каранды эмес, кыргыз мамлекетиндеги экинчи саясий фигура болуп калат. Ошондуктан менин оюмча бийлик буга жол бербейт. Азыр Кенжебек Бокоев "президент Жээнбеков мыйзамды колдоп жатат" деп айтып кетти, бирок мэрди түз шайлоого жол бербейт.

Айрым жарандык активисттер талкуу аяктаган соң шаардык кеңештеги бир катар фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү көтөрүп алып Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанына барып митинг өткөрүштү. Активист Өндүрүш Токтонасыров шаардык кеңеш Суракматовдун талапкерлигин колдосо, сөлөкөттөрдү өрттөй турганын билдирип, "маселени тегерек үстөл уюштуруу менен эмес, кескин талаптарды коюу менен чечиш керек болчу" деген оюн айтты.

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

- Эң өкүнүчтүүсү - мамлекеттик тилге тил комиссиясынын профессорлору ушундай орой мамиле кылып жатышканы. Суракматовду колдоо менен силер бүтүндөй эне тилин кордогонго жол ачып жатасыңар. Мектеп деңгээлинде кат жаза албаган адам мэр болуп жыргатпайт. Бул "тегерек үстөл, сүйлөшөбүз-мүйлөшөбүз" деген моданы таштагыла. "Сүйлөшөбүз" дейт. Сүйлөшкөн менен өтүп кетпедиби! "Төө кыядан өткөн соң, "о" дегениң курусун" дейт. Бүгүн сүйлөшпөшүбүз керек болчу. Бүгүн Кененбаевге, депутаттарга талап коюшубуз керек болчу, - деди Өндүрүш Токтонасыров.

Коомдук талкууга Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Азиз Суракматов да чакырылган, бирок ал жыйынга келген жок. Бул күнү Азиз Суракматов жана коомчулуктун аны колдогон өкүлдөрү катышкан башка жыйын өтүп, анда талапкердин программасы талкууланды. Бишкектеги коомчулук өкүлдөрүнүн кызуу талкуусуна түшкөн мэр шайлоо 8-августка белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG