Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Атаандашсыз мэрлердин арааны


Бишкек
Бишкек

Ош, Бишкек шаарларында мэрлерди шайлоо атаандашсыз өтүп жатышы көп суроолорду жаратты.

Жарандык коом өкүлдөрү Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Мэрликке талапкердин жалгыз болушу демократиялык принциптерге, тиешелүү мыйзамдарга каршы келбейби?

Шаар башчыларын тандоодо фракциялык эмес, кландык кызыкчылык үстөмдүк кылабы? Ушул жана башка суроолорго кезектеги “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издегенге аракет кылдык.

Талкууга Ош мамлекеттик университетинин доценти, саясий серепчи Абдыжапар Аккулов жана жарандык активист Мавлян Аскарбеков катышты.

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, 18-июлда Ош шаарынын мэри жергиликтүү кеңеште шайланды. Шаар башчысына талапкерди көрсөтүү, тандоо, шайлоо кандай өттү жана ал демократиялык принциптерге канчалык туура келди?​

Шаардык кеңеште беш-алты партиянын өкүлдөрү отурушат, көпчүлүк коалиция бар. Бирок, "оппозициямын" деген фракциялар деле атаандаштыкты коюңуз, кайсы бир маселени кабыргасынан койгонун билбейбиз.
Абдыжапар Аккулов

Абдыжапар Аккулов: Ошол 18-июлга чейин коомчулукту "Ош шаарынын мэри ким болот?" деген суроо кызыктырып турду, анткени элдин талкуусунда бир нече талапкерлер жөнүндө сөз болуп жаткан. Акырында атаандашы жок, облустун мурдагы жетекчиси Таалайбек Сарыбашевдин шайланып калышы коомчулук күткөндөй эле окуя болду. Албетте, ача пикирлер да айтылды.

Эң кызыгы, 44 депутаттын бири гана каршы болгону, депутаттар бир да суроо бербегени эл арасында "шайлоо мурдатан даярдалган сценарий боюнча өттү" деген пикирлерди жаратты. Мындай көрүнүшкө өлкөдөгү саясий күчтөр пикирин билдириши керек эле. Биз партияларга негизделген система куруп жаткандан кийин алар бир кеп айтышы керек эле. Атаандашы жок өткөн нерсени "шайлоо болду" деп айтыш кыйын болуп калды.

Бийликтин көрсөтмөсү менен болуп калганын эл билип эле турат. Азыр президент баш болуп, жаңы адамдар бийликке келип жатканы эске алынып, шаардык депутаттар “алдын ала ишеним” көрсөтүп жатышабы деп ойлосок болот. Шаардык кеңеште беш-алты партиянын өкүлдөрү отурушат, көпчүлүк коалиция бар. Бирок, "оппозициямын" деген фракциялар деле атаандаштыкты коюңуз, кайсы бир маселени кабыргасынан койгонун билбейбиз. Ушул көрүнүштөр жергиликтүү кеңештин деңгээли канчалык экенин көргөзүп турат.

“Азаттык”: Мавлян мырза, кечээ бир нече жарандык уюмдар жыйын өткөрүп, өкмөт башчыга, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, Бишкек шаарынын мэрин шайлоону жокку чыгарууну талап кылдыңыздар. Ага кандай жагдайлар негиз болду?

Мавялн Аскарбеков.
Мавялн Аскарбеков.

Мавлян Аскарбеков: Биз президенттен, премьер-министрден, БШКдан шаар мэрин шайлоону токтото турууну, талапкерлерди каттоону жокко чыгарууну талап кылып жатабыз. Ага бир нече негиздер бар. Биринчиден, кызыкчылыктар кагылышы болуп жатат.

Анткени көрсөтүлүп жаткан талапкер Суракматов - атасы-баласы, аялы-кызы болуп Бишкектеги ири, бир нече курулуш компанияларынан ээси. Анын компаниялары Ошто, Жалал-Абадда да иштейт. Экинчиден, шайлоо атаандашсыз өткөнү турат. Мыйзам боюнча шайлоо эки же андан көп адамдардын ортосундагы тандоо болушу керек эле. Бул шаар башчысын шайлоо эмес эле, кайсы бир топтордун, күчтөрдүн өз кызыкчылыгындагы адамды бийликке алып келиши болууда. Интернеттен түркүн маалыматтарды окууга болот. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча азыркы президентке да байланыштырып, көлөкө түшүрүү аракети болуп жатат.

Суракматовду президентке, мурдагы мэр Иса Өмүркуловго жана аймактык кызыкчылыкты көздөгөн олигархиялык күчтөргө байланыштырып жатышат. Шайлоо ачык болбогондуктан ушундай айың кептер чыгууда. Европадагыдай же башка демократиялуу өлкөлөрдөгүдөй мэр болом дегендердин баары чыгып, алардын баары шаарды өнүктүрүү боюнча программаларын айтып, дебаттарды уюштуруп, анан шайлоого келсе жакшы болот эле.

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, мэрлик кызмат ордуна талапкерди тандоодо, көрсөтүүдө жергиликтүү кеңештердеги фракциялар эмес, жогорку бийликке таасир көрсөтө ала турган кландардын таасири үстөмдүк кылууда деген пикир бар. Ага негиз барбы?

Абдыжапар Аккулов.
Абдыжапар Аккулов.

Абдыжапар Аккулов: Ошто шайлоо алдында тигил же бул фракциялардын талапкерлерин ачык көрсөтүү процедурасы болгон жок. Башында эле бир талапкер болорун билип калдык. Аны сезгенден кийин Оштогу бир топ жарандык уюмдар “Болочок мэрге аманат” деген акция өткөрдүк. Бийликке келе турган мэрге бир топ талаптарды, сунуш-пикирлерди койдук, идеяларды айттык. Биз айткандардын айрымдарын мэрдин кызматына талапкер өз сөзүндө колдой турганын угуп калдык, ага да шүгүр деп отурабыз. Мен Оштогу шайлоодо кайсы бир кландык күчтөрдүн таасири болду деп айта албайм. Тескерисинче, бул шайлоо азыркы жогорку бийликтин колдоосу менен өткөнү ачык эле көрүнүп калды.

Суракматовду кечээги күнгө чейин эч ким тааныган эмес. Жогорку Кеңеште депутат болуп отурганда бир да жолу сүйлөп, маселе көтөргөн эмес.
Мавлян Аскарбеков

Мавлян Аскарбеков: Коомдук пикирди эске алсак, Бишкек шаарынын мэрлигине келген талапкер шаардыктар күткөндөй сапатта болбой жатат. Суракматовду кечээги күнгө чейин эч ким тааныган эмес. Жогорку Кеңеште депутат болуп отурганда бир да жолу сүйлөп, маселе көтөргөн эмес. Шаардык кеңеште отурганда деле бир маселе чечкен эмес. Шаарды өнүктүрүү боюнча программасы жок. Мэр деген кызматка шаар тургундары билген, шаар үчүн күйгөн, саясий-коомдук салмагы, программасы бар, абройлуу адам келиши керек. Мэр деген кайсы бир кландын адамы эмес, шаардыктар билген инсан болушу керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Жол ачкыла, атаандашы жок мэрлер келатат!
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:22 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG