Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

Караколдун мэри кай жеринен жазды?


Каракол шаары.
Каракол шаары.

31-июлда Каракол шаардык кеңеши шаар башчысына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алды.

Каракол шаарынын иштен бошогон мэри Данияр Арпачиев депутаттардын чечимин "негизсиз" деп баалады. Коомчулукта "саясий кызыкчылыктардын курмандыгы болбошу үчүн шаар башчыларын эл шайлашы керек" деген да пикирлер айтыла баштады.

Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүгү КСДП жана “Табылга” фракцияларынын сунушуна ылайык шайланган мэр Данияр Арпачиевге ишеним көрсөтүүдөн баш тартышты. Каракол шаардык кеңешинде беш фракциядан 31 депутат бар.

Кеңештин төрагасынын орун басары Сейит Өскөнбаевдин айтымында, кеңештин 31-июлдагы 21-сессиясына катышкан 30 депутаттын 28и шаар жетекчисине ишеним көрсөткөн эмес:

- 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу отчетту кабыл алган эмеспиз, ал "канааттандырарлык эмес" деп табылган. Андан сырткары, шаарда жол, тротуар, фонтан, аялдама, борбордук көчөлөргө тигилген балатылар боюнча да маселе көп. Мекемелердин жетекчилеринин дайындалышында да башаламандык көп болуп кетти. Ишеним көрсөтпөөгө шаардагы башаламандык себеп болду.

Өскөнбаев шаардык кеңештин мэрге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечими эч кандай саясий тапшырма эмес, депутаттардын мэрге койгон баасы деп эсептейт. Буга чейин Арпачиевдин 2017-жыл үчүн отчетун алар "канаттандыраарлык эмес" деп табышкан.

Учурда Каракол шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Данияр Арпачиев иш пландарын ашыгы менен аткарганын, депутаттардын мындай чечимине дагы эле түшүнө албай жатканын билдирди:

Данияр Арпачиев.
Данияр Арпачиев.

- Кышкы даярдык өз убагында өткөн, бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгү өз убагында аткарылып жатат. Мындан тышкары инфраструктура боюнча каралган, пландалган иштердин баары бүткөн. Бирок белгисиз себептер менен 2017-жыл үчүн отчетумду "канаатандыраарлык эмес" деп табышкан. Эми болсо ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алышты. Мен буга тигиндей же мындай деп айта албайм, бирок былтыркыга салыштырмалуу жети ай ичинде он миллион сомго жакын акчаны ашык чогулттук. Шаарда сынга кабылган олуттуу маселе деле жок. Анан бул чечим эмнеге байланыштуу болгонун деле айта албай турам. Бул депутаттардын өзүнүн көз карашы болду окшойт.

Караколдун мэри Данияр Арпачиев кызматка 2016-жылдын февраль айында кеңештеги көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген.

Кыргызстандын башка шаарларында да шаардык кеңештер мэрди шайлаганда же ишеним көрсөтпөгөндө ар кандай интригалар тууралуу маалыматтар көп болот жана ал коомчулуктун кызуу талкуусу менен коштолот.

Өткөн айда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго да шаардык кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимди бир добуштан кабыл алган. Бул көрүнүштү Ибраимов саясий буюртма катары баалаган. "Албек Ибраимовдун ордуна көрсөтүлүп жаткан Азиз Суракматовдун талапкерлиги да шаардын кызыкчылыгы үчүн эмес, кайсы бир саясий кызыкчылыктар үчүн коюлуп жатат" деген пикирлер да айтылды.

Шаардын мэрин шайлоо маселесинен улам Таш-Көмүр шаардык кеңеши 2016-2017-жылдары эки жолу мөөнөтүнөн мурда тарап кетүүгө аргасыз болгон. Шаар башчысы 2018-жылы шаардык кеңешке кайра шайлоодон кийин, үчүнчү аракеттин натыйжасында араң шайланган.

Бул өңдүү көрүнүштөр "айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын башчыларын депутаттар эмес, эл өзү түз шайлашы керек" деген демилгенин коомчулукта көтөрүлүшүнө себеп болду.

Жогорку Кеңеште буга чейин айыл өкмөттөрдү түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, биринчи окуудан өткөн.

Долбоордун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоевдин пикиринде, түз шайлоо айыл жана шаар башчыларын президенттен жана партиялардан көз каранды кылбай, чарбачылыкты көз карандысыз жүргүзүүгө жол ачат деп ишенет:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Мэрди да эл түз шайлашы керек. Ошондо ал элге таянып иш кылат. Президенттин да, партиянын да тиешеси жок болуп калат. Ал элдин маселесин чечейин деп ишке келди да. Президенттин маселесин чечейин деген жок. Ошондуктан менимче түз шайлоо болбогондуктан, көптөгөн маселелер чыгып жатат. Анын кантип келгенин да эл билбейт, кандайча кызматтан кеткенин да эл билбеген боюнча калып кетип жатат. Мисалы, азыр Каракол шаарынын мэри кызматтан кетти. Ал кандай программа менен келгени, кызматынан эмнеге кеткени элге табышмак бойдон калды.

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевге ишеним көрсөтпөө тууралуу шаардык кеңештин чечимин кыргыз өкмөтү колдоор же колдобосу азырынча белгисиз. Ал эми Бишкек шаардык кеңеш шаар башчысын 8-августта шайлайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG