Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Албек Ибраимов издеген "чындык"


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду тергөө бүткөнгө чейин камакта кармоо тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ибраимовдун соттун астына чогулган жактоочулары "аны камакка алуу учурунда күч колдонулду" деп доомат коюшту. Муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) төгүндөп, "Албек Ибраимовду кармоо операцияснда курал жана атайын каражаттар колдонулган эмес" деген билдирүү таратты.

Шаардык соттун чечими

30-июль күнү Бишкек шаардык сотунда баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун райондук соттун бөгөт чарасына даттанган арызы каралды.

Бул учурда Ибраимовдун тарапкерлери сот имаратынын алдында анын таламын талашып турушту.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын кароо учуру. 30-июль, 2018-жыл.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын кароо учуру. 30-июль, 2018-жыл.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Ибраимовду тергөө бүткөнчө, 29-августка чейин камакта кармоо жөнүндө чечим чыгарган. Аны күчүндө калтырган шаардык соттун чечими тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди:

- Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы баш калаанын мурдагы башчысы Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап чыгып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту тергөө бүткөнгө чейин Албек Ибраимовду камакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Албек Ибраимов сотто.
Албек Ибраимов сотто.

Анткен менен Ибраимовдун жактоочулары райондук жана шаардык соттордун чечимдерине байланыштуу Жогорку сотко даттана турган болушту. Муну адвокат Сергей Слесарев "Албек Ибраимовду камакта калтыруу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынды" деп негиздеди:

- Эми биз райондук жана шаардык соттордун чечимдерине каршы Жогорку сотко даттанабыз. Мунун баары сот тармагынын кадыр-баркын кетирет. Иштерди аткаруудагы бир катар мыйзамдар бузулган учурларды таап чыктык. Ошондуктан биз мурдагы сотто эске алынбай калган жагдайларды мисал келтирдик.

Сергей Слесарев мурдагы мэр башында иш боюнча күбө катары өткөнүн айтып, күбөнү кармоодо күч колдонулганы мыйзамсыз экенин эске салды. Ал Ибраимовду кармоо операциясында айылда мобилдик байланыш өчүрүлүп, күнөөсүз адамдар да жабыр тартканын белгиледи.

Күч колдонуунун негиздүүлүгү

Албек Ибраимовдун үйүндөгү бул окуя тартылган видео байкоонун эстутуму сакталган системалык блок да алынганы көрсөтүлдү. Мурдагы мэрдин үйүндө иштеген жумушчу Азатбек Көбөков окуянын кандай өнүккөнүн мындайча баяндады:

- 4-5 бала алты жылдан бери экс-мэрдин чөбүн чаап, суусун сугарып иштейбиз. Ал эми күзөттө иштегендер жашап калган эле кишилер. Анын бири менин атам. Экинчиси болсо коңшубуз. Атайын аскерлер түштөнүү маалында эшик-терезени талкалап, беткапчан кирип келишти. Колдорунда куралы бар, отузга жакын адам экен. Эңги-деңги абалда болуп, эч нерсени деле байкай алган жокмун. Бардыгыбызды жерге жаткырышты. Биздин арабыздагы жансакчы жигиттерди катуу сабап салышты.

Ошол эле кезде УКМК Албек Ибраимовду кармоо учурунда күч колдонулганы тууралуу маалыматты четке какты. Ал Ибраимовдун жансакчылары токмок жебегенин жана кармоо операциясы учурунда атайын каражаттар колдонулбаганын мисал келтирди.

Анткен менен жарандык активист, "Эркин эл" партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков Албек Ибраимовду кармоодо күч колдонууну негиздүү жана мыйзамдуу аракет катары баалады:

- Албек Ибраимовду УКМКнын тергөөчүсү бир нече жолу суракка чакырганда барган эмес. Анан жашыруун аудио тасмада аныкына окшош үн ачык эле "булар менен атышууга чейин барам" деп жатат. Ошондуктан Ибраимовду күч менен кармоо операциясын жүргүзүүгө бардык негиздер болгон.

30-июль күнү Албек Ибраимовдун 150-200дөй тарапкери соттун имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.

УКМКнын билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов ""Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып жатат.

Мындан тышкары ага 23-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде жаңы айыбы угузулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG