АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Орусиянын бир нече жаранын кармады. Тастыктама катты ФБР Кошмо Штаттардагы орустардын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жиберди. Бул тууралуу Нью-Йорктогу Орусиянын Башкы консулдугунун басма сөз катчысынын айтканына таянып, РИА "Новости" агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, үч орусиялык жаран "Интернет аркылуу көз боёмочулук кылган" деген шек менен кармалган. Башка булактар азырынча маалыматты бышыктай элек.
Мурдарак АКШда төрт орусиялык кармалган. Аларга "Интернет аркылуу "машине сатабыз" деп элди алдаган" деген айып тагылган. Бул иш боюнча Азербайжандын, Грузиянын, Казакстандын, Латвиянын жана Түркиянын жарандары кармалган. Жаңыдан кармалгандардын да ушул ишке тиешеси болушу мүмкүн.