Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:44

АКШдан башпаанек сураган орусиялыктар көбөйдү


АКШдан башпаанек сураган орусиялыктардын саны акыркы 24 жылдагы эң жогорку чекке жетти. Былтыр океандын ары жагына туруктуу көчүп кетүүнү каалагандар эки жыл мурункуга караганда 40% көбөйдү. Укук коргоочулар буга Орусияда дискриминацияга жол берген мыйзамдардын кабыл алынышы жана саясий куугунтуктоонун күчөшү түрткү болуп жатканын белгилешет.

Кошмо Штаттардын Жарандык жана иммиграция кызматы былтыр сентябрдын аягына чейин орусиялыктардан 2 664 арыз кабыл алган. Бул 2016-жылы башпаанек сурап кайрылгандардан 30% көп.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттеринин колуна 2017-жылы АКШнын бийлигине арыз менен кайрылгандардын статистикасы тийди. Ага ылайык, былтыр арыз берген орусиялыктардын саны 2012-жылдан берки көрсөткүчкө салыштырганда эки эседен ашкан. Буга чейин 1994-жылы советтик Орусияда жашаган 2 127 миң киши Америкада туруктуу жашоого уруксат сурап кайрылган.

Адистер Орусиядан сыртка агылгандардын себебин Путиндин бийлигинин тушунда саясий оппозиция менен ишкерлердин жана жыныстык азчылыктардын укугу бузулуп жатканы менен байланыштырат.

2013-жылы Путин үчүнчү мөөнөткө шайланган соң “салттан тышкаркы жыныстык мамилелерди үгүттөөгө” тыюу салган мыйзамдын кабыл алынышы дискриминацияны күчөткөн. Бирок Кремль мындай жүйөнү кескин четке кагат.

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынын статистикасында башпаанек сурагандарга коюлган талаптар айтылбаса да талапкерлер “расасына, динине, улутуна, кандайдыр бир социалдык топко мүчө болгонуна же саясий көз карашына” байланыштуу өз мекенинде “куугунтукталып, өмүрүнө коркунуч келгени" ишеничтүү негизделиши керек экендиги так көрсөтүлгөн.

Укук коргоочулар менен адвокаттардын баамында, башкалка сурагандар Орусияда 2013-жылы кабыл алынган жыныстык азчылыктарга байланышкан мыйзамдан кийин арбыган.

Европадагы Адам укуктары боюнча сотунун былтыркы токтомунда орус бийлиги мындай мыйзам каражаттарын киргизүү менен “демократиялык коомдогу "тең укуктук, плюрализм жана толеранттуулук" деген түшүнүктөргө каршы келген стигма менен гомофобияны жайылтып атканы” баса белгиленген.

30 жаштагы кумса жигит Влад “тынч жашоо” издеп, ата-журтунан кетүүгө бел байлашына эмне түрткү бергенин “Азаттыкка” айтып берди. Ата-энеси анын кумса экенин билбегендиктен, аты-жөнүн жашырды.

Ал сүйлөшүп жүргөн жигитин түнкү клубдан чыгып келатканда өлтүрүп кетишкенден кийин жеке коопсуздугу үчүн чындап чочулай баштайт.

“Орусияда тынч жашай албасыма, көңүлүмө төп келген бирөөнү табаарыма көзүм жетпегенден кийин башка жакка кетүүнү туура көрдүм” – деген жигит өз башынан өткөнүн эстегиси келбейт.

Адвокаттардын кеңеши менен ал 2016-жылы АКШга башпаанек сурап кайрылат.

Нью-Йоркто жашаган активист жана саясий качкын Лёша Горшков мурдагы советтик өлкөлөрдөн барган, жыныстык азчылыктарга киргендердин үй-бүлөлөрүнө жардам берген долбоорду иштетет. Ал “Азаттык” менен болгон маегинде 2016-жылы Орусиядан ВИЧ жуккан кумсалар башпаанек сурап келгенин эстеди. Горшковдун айтымында, алар өз мекенинде тийиштүү деңгээлде дарылана алган эмес, андыктан Америка өкмөтү аларды кабыл алган.

Канада жана бир катар Европа өлкөлөрү былтыртан тартып Чеченстанда кумсаларга каршы “каардуу өнөктүк” күчөгөндөн кийин, кумсаларга башпаанек бере баштады. Ошол эле маалда укук коргоочулар чечендерге башкалка алуу кыйла татаал экенин баса белгилешет.

Кошмо Штаттарга туруктуу жашоого сурангандардын экинчи тобу – орусиялык ишкерлер. Нью-Йорктогу адвокат Борис Палант алардын көбү “бийликтин куугунтугуна кабылгандар” экенин баса белгилейт. “Мага кайрылгандардын көбү - жасабаган иши үчүн эле "кылмыш кылды" деп табылып, айыптоого кириптер болгондор” – деди америкалык адвокат.

Нью-Йорктогу дагы бир адвокат Эндрю Жонсондун айтымында, анын юридикалык фирмасы былтыр орусиялык 20-30 кишинин арызы боюнча иш алып барган. “Алардын жарымы саясий жүйө менен запкы жегендер болсо, 35% кысымга кабылган ишкерлер” – дейт адвокат.

Маалыматтарга караганда, айрым ишкерлер бийлик партиясын колдобой же оппозициялык топтор менен кызматташканы билинип калгандыктан куугунтукка кабылган.

Президент Путин 1-марттагы орусиялыктарга кайрылуусунда өлкөдө “коррупциялашкан аткаминерлерди ооздуктап, укук коргоо органдарынын ишкерлерге кысым көрсөтүшүн токтотуу” зарыл экенин эскерткен.

Былтыр АКШдан башкалка сураган орусиялык жарандардын саны 2 664 адамга жетип, беш жыл мурункуга салыштырмалуу 268% өскөн. Европа Биримдигинин иммиграция мекемесинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Германиядан төрт миң 885 орусиялык туруктуу жашоого уруксат сураган. Биримдиктин курамындагы 28 өлкөгө башкалка сурап кайрылган Орусия Федерациясынын жарандарынын саны 12 600гө жеткен.

Ушул тапта Орусияда 144 миллион киши жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG