Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

"Мекендештер" форуму көлдүн тескейинде уланууда


Форумдун 8-августтагы жыйыны.
Форумдун 8-августтагы жыйыны.

"Мекендештер" форуму 9-августта Ысык-Көлдүн тескейинде уланууда. Анын катышуучусу, “Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул "Азаттыкка" билдиргендей, иш-чарага келгендер Кажы-Сайга, Бөкөнбаев жана Тосор айылдарына саякат кылып жатышат.

Эки жылда бир жолу өтүүчү "Мекендештер" форуму ушуну менен төртүнчү ирет уюштурулуп, 8-августтагы жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Жалпысынан 27 мамлекеттен 150дөн ашуун делегат келди.

Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" комплексинде башталган эки күндүк “Мекендештер” форумунда сыртта жүргөн кыргызстандыктардын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы талкууланды.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп келаткан форумга ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Иш-чара 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында өткөн.

Улуттук банктын маалыматында Кыргызстандыктар мекенге которгон акча 2,5 млрд. долларды түзөт. Адистердин айтымында, көп акча максаттуу жумшалбайт.

XS
SM
MD
LG