Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

"КТРКнын журналистин сөктү" деген кызматкер иштен алынды


Бурулай Пусурманкулова.
Бурулай Пусурманкулова.

"Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) "Ала-Тоо-24" каналынын журналисти Бурулай Пусурманкулованы сөгүп, акарат кылды" деген мамлекеттик кызматкер иштен боштулду.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Калперизат Айдарбекова "Азаттыкка" билдиргендей, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиевдин маселесин бул мекемеде түзүлгөн этикалык комиссия карап, 9-августта ушундай чечим чыгарды:

- Рустам Бейшеналиев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикалык кодексинин эрежелерин сактабаганы аныкталды. Ушул эле күнү тийиштүү буйрук менен жумуштан алынды. Анын иштеп жатканына бир жыл болгон.

Журналист Бурулай Пусурманкулова 8-августта "Фейсбуктагы" баракчасына видео жарыялаган. Анда Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлү, Рустам аттуу кызматкер журналисттерге катуу сөз айтып, кагып-силккени жана сөккөнү тартылып калган.

Пусурманкулова "Азаттыкка" билдиргендей, окуя Бишкектин Коммунаров көчөсү, 14 дарегиндеги мыйзамсыз курулуш жана жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгы тууралуу сюжет тартууга барган учурда болгон.

Рустам Бейшеналиевден жагдайдын чоо-жайы тууралуу комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок. (SE)

Журналист социалдык тармакка чыгарган тасма:

XS
SM
MD
LG