Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

"Азаттыктын" түз эфиринен соң Ошто тротуарлар тазалана баштады


Асыранкулов көчөсүндөгү үйдүн темир тосмосу алынып жаткан учур. Ош, 9-август, 2018-жыл.
Асыранкулов көчөсүндөгү үйдүн темир тосмосу алынып жаткан учур. Ош, 9-август, 2018-жыл.

Ош шаарынын көчөлөрүндөгү жөө киши өтчү жолдорду тазалоо иши башталганын мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров билдирди.

- “Азаттыктын” түз эфирин көргөндөн кийин мэр өзүм билемдик менен тосулган жолдорду тазалоого тапшырма берди, - деди Абсаттаров.

Кабарчыбыз Ыдырыс Исаков 9-августта түш ченде Оштогу тротуарларды бөгөп турган турак жайларды, соода түйүндөрүн жана оорукананы тартып, “Азаттыктын” "Фейсбуктагы" барагы аркылуу түз эфирге чыккан. Аны миңдеген адам көрүп, жергиликтүү бийликке нааразы пикирлерин жазышкан.

Бир нече сааттан кийин видеодо көрсөтүлгөн Асыранкулов көчөсүндөгү үйдүн темир тосмосу кесилип, алынып жатканы белгилүү болду. Бул ирет мэрдин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров көрүнүштү видеого тартып, "Фейсбуктан" түз көрсөттү.

Ал жерге келген вице-мэр Шакир Зулимов башка көчөдөгү бөгөлүп калган тротуарлар дагы ачыларын айтып, убада берди. (YI)

XS
SM
MD
LG