Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Көчмөндөр оюндарында эл аралык тамак-аш фестивалы уюштурулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эл аралык тамак-аш фестивалы уюштурулат. Аны "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк ашканасы" коомдук фонду, Ашпоздордун эл аралык бирикмеси жана Ислам мамлекеттеринин ашпоздорунун дүйнөлүк бирикмеси чогуу өткөрөт.

Тамак-аш фестивалы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда 3-6-сентябрда болот.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда ачылып, 8-сентябрга чейин уланат. Ага 57 мамлекеттен келген 1946 спортчу катышып, улуттук спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат.

Оюндарда жалпы 594 медаль ойнотулат. Анын 174ү алтын. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жылдан бери эки жылда бир жолу Кыргызстанда өтүп келе жатат.

XS
SM
MD
LG