Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:09

Үрмаралда кен казган компанияга айыппул салынды


Үрмаралдагы кенди иштетүүгө каршы 27-июлда Өкмөт үйүнүн алдында уюштурулган митинг.
Үрмаралдагы кенди иштетүүгө каршы 27-июлда Өкмөт үйүнүн алдында уюштурулган митинг.

Таластагы Үрмарал тоосунда кен казуу иштерин баштаган "Полис голд кейжи" жоопкерчилиги чектелген коомуна жүз миң сомго жакын айыппул салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дуулат Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган фирманын жетекчилиги техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн 7,5 миң сом, экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн 18 миң сом айыпка тартылды. Мындан тышкары, 132 түп бадалды сүзүп, талкалаганы үчүн 50 миң 355 сом, 11 миң 574 чарчы метр аянт жер кыртышын мыйзамсыз бузуп салганы үчүн 17 миң 320 сом доо компаниянын өзүнө коюлду. Тийиштүү документтер Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Ал эми кен казылып жаткан аймакта суунун жана топурактын анализи таза чыкты.

Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылынын аймагындагы Үрмарал тоосунда жайгашкан кен калктуу конуштан жыйырма чакырым жерде. "Кендин иши саламаттыкка зыян тийгизет" деп буга чейин жергиликтүү турундар митингге чыгышкан. Учурда компаниянын жумушу убактылуу токтоп турат. (AlS)

XS
SM
MD
LG