11-августта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 19...24, күндүз 33...38,
Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 13...18 градус ысыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсун 22…24, күндүз 36…38 ысык болот.