Бишкек шаарында "орусиялык ишкерге кол салуу уюштурулуп, жардыруу болду" деген маалымат расмий ырастала элек. Бирок Исанов көчөсүндөгү №98 үйдүн тегерегин ушул тапта милиция кызматкерлери курчоого алып турат.
Жашоочулар бүгүн саат он бир жарымда катуу үн чыкканын билдиришкен. Саперлор окуя болгон жерди текшерип жатышат. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, олуттуу жабыркагандар, курмандыктар жок.
Буга чейин kaktus.media сайты милицияга таянып, орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу аракети болгонун, анын унаасынын астына жардыргыч зат орнотулган болушу ыктымал экенин, ишкер жеңил жараат алганын жазган.
Ошол эле короодо 2016-жылы да аталган ишкерге кол салуу аракети болгону айтылган. (SE\BkA)