Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Президент жоокерлерди мазактагандарды жазалоону тапшырды


Сооронбай Жээнбеков жана Дамир Сагынбаев.
Сооронбай Жээнбеков жана Дамир Сагынбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга алып келген себептерди иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Расмий маалыматка ылайык, мамлекет башчы 10-августта Сагынбаевди кабыл алды. Мындан тышкары Аскер прокуратурасына күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык кылмыш жообуна тартуу боюнча көрсөтмө берилди.

Буга чейин "Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылышкан. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун жана уставга жат иштерге барганын билдиришкен.

Учурда жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууда. Бишкек гарнизондук прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу") боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жоокерлердин абалына көңүл бурууга чакырган.

Жоокерлерди мазактоо окуясы коомчулукка жарыяланган соң Чүйдөгү Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматтан алынды. Анын иштен бошотулганы тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы "Азаттыкка" билдирди.

Андан тышкары, үч офицер кызматтан четтетилгени, иликтөө жүрүп жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG