Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Кыргыз армиясындагы кыйраган кыялдар


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын Башкы штабы Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү чуулгандуу окуяга байланыштуу түшүндүрмө бере элек.

"Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылды. Анда аскер жетекчилери быйыл жазында чакырылган балдарды башка бирөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганын айтышты.

Учурда жоокерлердин бирөө Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланып жатат. Жабырлануучулар "тиешелүү органдарга мындан туура эки ай мурун эле кайрылганыбыз менен майнап чыкпай жатат" дешет.

Башкы штаб "тергөө жүрүп жатат" деген жүйө менен комментарий берүүдөн баш тартты. Ошондой эле жоокерлер арызданган аскер жетекчилеринен пикир алууга уруксат берген жок. Башкы прокуратура да түшүндүрмө бербей койду.

"Арык каздык, мончо салдык"...

Бишкектин этегинде жайгашкан Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөн быйыл жазында чакырылган жоокерлердин алтоо "Ала-Тоо" полигонуна бөлүнгөн. Алардын бири ушул тушта Бишкектеги Республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланып жатат.

Кой-Таштагы аскердик бөлүк.
Кой-Таштагы аскердик бөлүк.

Белгилүү себептерден улам биз бул жоокердин аты-жөнүн ачык атай албайбыз. Ал аскердеги уставга жат, мыйзамсыз иштер тууралуу айтып бергенге макул болду:

- Кызмат өтөп жатканда прапорщик Жапаров, старшина Орозбаев, ага лейтенант Казыбек уулу ар кандай тапшырмаларды берчү. 10-майдан баштап кампа жыйнадык, ал жактан алюминий чыгарып, саттырды. Башка бирөөнүн арыгын алып барып каздырды. Төрт бала үч күн арык каздык. Мончо салдык. Мени урчу эмес, бирок балдарды урчу. Ургандарын көрчүмүн. Ошолордун кылыгынан жадап кеттим. Келип алып "тоңкулдактар", ал-бул деп ар кандай нерселерди сүйлөйт.

Бул жоокердин айтымында, анын кичирээк кезинде талма менен ооруган, бирок эс тарткандан бери ал дарты такыр кармаган эмес. Армияга келгенден тартып эски оорусу кайра козголгон:

- Төртөөбүз спортчу болчубуз. "Спортчу болсоңор өзүңөргө спортчусуңар, качып көргүлө" деп автомат менен аткан. Мени атканбы же кандай, так билбейм, бирок ок жаныма келип тийген. Эч нерсе деле болгон эмесмин, бирок коркуп калгам. Бир ай өткөндөн кийин оорум кармап калды. Оорум армияга келгенде эки жолу кармаган. Үчүнчүсүндө аябай катуу кармады. Госпиталга жатып, ал жактан психикалык ооруканага жаткырышты.

"Балдарыбыздын өмүрү коркунучта"

Жоокерлердин биринин "Азаттыкка" арызданып келген энесинин айтымында, уставга жат көрүнүштөр балдар ант бергенден кийин эле башталган:

Күндө эртең менен эки баланы жоон зым менен сабап отургузуп коет экен.

- Май айында балам Кой-Ташта ант берди, ага бардык. Балам мушкер болчу, ар кандай трюктарды көрсөттү, "жакшы турбайбы" деп сүйүнүп калдык. Ант бергенден кийин бир күнгө үйгө уруксат берди. Алып кетип, эртеси кайра алып келдик. 15 күн өткөндөн кийин түн бир оокумда мага чалып, чоочун бир номерге "бирдик жүктөп койгула" деди. "Эми керек болуп жатса керек" деп бирдик жүктөп койдук, эки-үч жолу ушинттик. Бир күнү эле чалып, аллергия болуп жатканын айтып, дары сурады. Дары берип жибердик. Дагы бир күнү эжесине чалып, кулагы, башы ооруп жатканын айтып, "дагы дары жөнөткүлө" дептир. Анан эле тынчсыздана баштадык. Улуураак балам барып кабар алса колунда так бар экен. "Жашырба, баарын ачык айт" деп такып сурай баштаганда "кулагыма уруп жиберди эле, ушинтип кан чыкты" деп ыйлап жибериптир. "Эмнеге аллергия болдуң?" десе: "Чөпкө аллергия болуп, жаман болуп жатам" десе: "Эмнеге аллергия болмок элең?" деп ары-бери сүйрөп урган экен. Күндө эртең менен эки баланы жоон зым менен сабап отургузуп коет экен. Биз эми башка жактарга кайрылбайт деле болчубуз. Бирок баягы күнү балдарыбыз оорубаса деле, эч себепсиз санчастка алып барып асма ийне куюшуптур. Балдарды ооруканага алып баратканда "бизди белгисиз эле жакка алып кетип баратышат" деп кабар беришкен. Биз артынан кубалап барганбыз. "Балдарды бул жакка алып келгенге уруксат берген кагазыңар барбы?" десек, командири аны да көрсөтө алган жок. Бир баланы алып барып, ал психикалык ооруканага жатып калгандан кийин оюңа жаман нерселер кетет экен.

Дагы бир жоокердин арызданган апасы да армиядагы уулунун өмүрүнө тынсызданып жатат:

- Биздин балдарды офицерлер кысымга алганына байланыштуу арыз менен Аскер прокуратурасына кайрылганбыз. Эки ай өтүп, "тергөө жүрүп жатат" дегени менен эч кандай натыйжа жок. Акыйкатчыга кайрылдык, "Кылым шамына" кайрылдык. Ошол офицерлер өз ордунда эле иштеп жатышат. Эч кимиси жумуштан четтетилип, камалган жок, суралган да жок. Чынын айтканда, балдарыбыздын өмүрү коркунучта.

Жоокерлердин ата-энелери бул жагдайга байланыштуу УКМКга жана Аскер прокуратурасына 8-июнда эле кайрылышкан экен. Бишкек гарнизондук прокуратурасы 18-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси боюнча, тактап айтканда "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" боюнча кылмыш ишин козгогон. Башкы прокуратура кылмыш иши тууралуу кандайдыр комментарий берүүдөн баш тартты.

Башкы штаб үн ката элек

"Азаттык" бул окуяга байланыштуу Башкы штаб жана анын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиев менен байланышып, комментарий алууга аракет кылды. Бирок ал жактан "тергөөгө байланыштуу түшүндүрмө берилбейт" деген жооп алды. Ошондой эле арызданган жоокерлер жана алардын аскердик жетекчилери менен байланышып, пикирин билүүгө уруксат берген жок.

"Ала-Тоо" полигонундагы кызмат өтөп жаткан үч жоокер жана алардын апалары, туугандары "Кылым шамы" өкмөттүк эмес уюмуна, Акыйкатчы институтуна, Кыйноого каршы борборго кайрылышкан. Бул уюмдун өкүлдөрү 7-августта "Ала-Тоо" полигонуна барып, балдар менен сүйлөшүп чыкты. "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын айтымында, балдар аёосуз кордук көргөнүн айтып беришкен:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Бул балдардын арасында юридикалык билими бар жигиттер да бар экен. Алар аскер адамдары, жоокерлер кандай иш жасашы керек экенин, эмне милдети бар экенин билишет. Алар аскер жетекчилерине: "Бул биз жасай турган иштер эмес, силердин жеке машинаңарды оңдогонго биз милдеттүү эмеспиз" дешсе, аларды ого бетер кыйнашкан. Адамдын акылына сыйбаган кыйноо көрсөтүшкөн. Мисалы, балдарды тизип алып, бутуна жеткирбей аткылашкан. "Качып кутулсаңар кутулдуңар, болбосо "буттарына өздөрү атып алышты" деп коебуз" дешкен. Ошолордун арасынан бирөө качып баратып жыгылып, ооруканада жатканына эки ай болуптур.

"Кылым шамы" уюму аларга арызданган үч жоокерге адвокат жалдап берди. Адвокат Динара Медетова факты боюнча гана кылмыш иши козголгонун айтты. Ал тергөөдөгү алешемдиктерди белгиледи:

Бул жагдайды абдан коркунучтуу деп эсептейт элем. Азыркы күнгө чейин ошол командирлер иштеп жатат.

- Балдар арыз жазганда конкреттүү адамдардын аттарын аташкан. Бирок ага карабай прокуратура, тергөө органдары факты боюнча гана кылмыш ишин козгогон. Ушул күнгө чейин чечүүчү кадамдар боло элек. Бул жагдайды абдан коркунучтуу деп эсептейт элем. Азыркы күнгө чейин ошол командирлер иштеп жатат. Аларга арыз жазылгандан кийин же балдарды башка жакка которуш керек болчу, же болбосо бул кызмат адамдарын алмаштыруу керек эле. Тергөө жүрүп жатканда аларды кызматтан чететтип туруш керек эле. Башында алты бала тең арыз жазган. Бирок азыр алардын үчөө баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып жатат. Ошол аскердик бөлүктө балдардын көрсөтмөлөрүн кандайдыр бир жагдайда өзгөрткөнгө аскер жетекчилерине шарт түзүлгөн. Эки ай убакыт беришкен. Бул укук коргоо органдарынын, Аскер прокуратурасынын шалаакылыгы деп эсептейм. Эмне үчүн аскерлер асынып өлүп, эмне үчүн өз жанын өзү кыйып жатат? Ошонун баарына жеткирип жатышат! Эмнеге ошого барганын териштирген эч ким жок.

Динара Медетова жазында "дени-карды соо" деп армияга чакырылган, эки айдан бери ооруканада жаткан жигиттин жагдайы боюнча да чара көрүлүшү керек экенин кошумчалады:

- Мындан төрт ай мурун ошол бала армияга чакырылганда эмне үчүн бул оорусу табылган жок? Эгер оорулуу бала чакырылган болсо, анда ошол жердеги аскер комиссиясы, бардык мүчөлөрү жоопко тартылышы керек. Менимче бул бала аскердик бөлүктөгү моралдык травманын айынан ооруканага жатып калды окшойт.

"Ала-Тоо" полигонундагы бул окуя эмне менен бүтөрү белгисиз. Бирок ушул жерде кызмат өтөп жүрүп психикалык саламаттыгына доо кетип ооруканага жатып калган бул жоокер армиядан көңүлү үч көчкөн журттай калганын айтып жатат:

Кыйналганымдан эмне кылсам да кетүүнү каалап жатам. Армиядан көңүлүм ушунчалык калды.

- Армияга өзүм "барам" деп, чын ниетим менен келгем. "Кызматым бүткөндөн кийин контракт менен калып иштейм" деген оюм бар болчу. Максатымдын баары өлдү. Кыйналганымдан эмне кылсам да кетүүнү каалап жатам. Армиядан көңүлүм ушунчалык калды. Себеби ар ким келип алып кысым кылып, бирөө жакшы айтып, бирөө жаман айтат, бирөө жардам берет, бирөө тескери кылат. Мен атайын ооруган жерим жок. Үйдөгүлөр, ата-энем кыйналып кетти. Жыгылгандан бери эч нерсе эсимде жок. Көп эле нерсе кылышкан. Кайсынысын эстеримди да билбейм.

2015-жылы “Кылым шамы” укук коргоо уюму, Акыйкатчы институту, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор армиядагы адам укуктарынын сакталышы боюнча чогуу иликтөө жүргүзүшкөн. Алар жоокерлердин укуктарын анкета аркылуу изилдешкен. Натыйжада бул тармакта эң негизги көйгөй мурдагыдай эле аскерлер арасында чоңсунуу, зомбулук, уруп-сабоо экени аныкталган. Укук коргоочулар "ошондон бери жагдай өзгөрө элек" дешет.

Кыргыз армиясы: талкаланган тагдыр, кыйраган кыял...
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:56 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG