Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө үй берилди


Жаза аткаруу кызматынын 81 кызматкери конуштуу болушту.
Жаза аткаруу кызматынын 81 кызматкери конуштуу болушту.

Жаза аткаруу кызматынын 81 кызматкери үйлүү болушту. Жаңы салынган көп кабаттуу батирлердин ачкычын бүгүн, 11-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” кабарлады.

- 11-августта Жаза аткаруу кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарында курулган үйлөрдөн 81 кызматкер үй алды. Тогуз кабаттуу эки үй курулду. Дагы үч үй курулат деген пландар бар.

Сабатарованын белгилешинче, үй бул тармакта иштеп эмгеги сиңген кызматкерлерге, кызматта жүрүп каза болгондордун үй-бүлөсүнө берилди. Мындан сырткары өкмөт башчы ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге кол саат тапшырды.

Эгемендик жылдардан бери Жаза аткаруу кызматына алгачкы жолу үй берилип жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG