Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы кырсыктан ага-ини каза болду

Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда, Эчки-Башы айылына жакын жерде жол кырсыгы катталып, эки киши каза болду.

Бул маалыматты ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, "Мерседес-Бенц Гелендваген G500" үлгүсүндөгү автоунаа менен "КамАЗ" кагылышкан. "КамАЗдын" 59 жаштагы айдоочусу ооруканага жаткырылды. Алдын ала маалыматка караганда, “Гелендваген” катуу ылдамдыкта келаткан. Андагы эки киши ага-ини экени айтылууда. Кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Кыргызстан - жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы 6 миң 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, жолдогу кырсыктардын көбү катуу ылдамдык менен айдоодон, мас абалында рулга отуруудан болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG