Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Салык кодексине өзгөртүү киргизилди


Президент Сооронбай Жээнбеков "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Анын максаты салыктын жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүдө кассаны көзөмөлдөө машинасын колдонуу жана пайдалануу тартибин иштеп бүтүрүү, ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, айыл чарба кооперативдерин түзүүнү жана эсепке алууну иретке келтирүү болуп саналат.

Ошондой эле соода-логистикалык борборлорду жана машина-трактордук станциялардын өнүгүүсүн колдоо, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн, айыл чарба өндүрүүчүлөр жана айыл чарба кооперативдери үчүн жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу болуп эсептелет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG