Румын бийлиги жума жана ишемби күндөрү Бухаресттеги нааразылык акциясындагы кагылыштын себептерин иликтей баштады. Өкмөткө каршы уюштурулган акция учурунда 450дөн ашуун киши жабыркаган. Соңку маалыматтарга караганда, коррупцияны айыптаган митингге 30 миңден 50 миңге чейин киши катышты. Алардын көбү чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн румындар. Батыш Европада 3 миллиондон 5 миллионго чейин Румыниянын жараны жашап, иштеп жатат.
Өлкө президенти Клаус Йоханнис жана европалык саясатчылар полициянын митингчилерге жасаган катаал кадамын айыпташты. Жергиликтүү маалымат каражаттары чагымчыл күчтөр митингчилер арасында да, полиция тарапта да болгонун жазды.
Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, болжол менен калктын экономикалык жактан жигердүү бөлүгүнүн төрттөн бири чет өлкөлөрдө иштейт. Алар өз өлкөсүнө чоң суммадагы, бир нече миллиард каражат которот. (КЕ)