АКШнын түрк алюминийи жана болотко киргизген бажы төлөмүнө (пошлина) байланыштуу Түркия жооп даярдап жатат.
Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Министрлик Кошмо штаттардын президенти Дональд Трамп бажы төлөмүн киргизүү менен Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузуп жатканын белгилеген.
АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмү 20%, болоттуку 50 пайызга чейин көбөйгөнүн 10-августта жарыялаган. Трамп Анкара менен Вашингтондун мамилеси “ансыз деле жакшы эмес” экенин билдирген.
1-августта АКШнын Финансы министрлиги Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлгө жана ички иштер министри Сулейман Сойлуга америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу жана анын укугун бузуудагы "башкы ролу" үчүн санкция салган. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун бул кадамын айыптап, "тез арада жооп кайтарууга" убада берген.
Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "Терроризм" жана "Тыңчылык” беренелери боюнча айып коюлган. Өзүнө тагылган айыптарды четке каккан пастор 25-июлда үй камагына чыгарылган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган The New York Times гезитине берген интервьюсунда америкалык администрациянын бир тараптуу аракеттери жаңы өнөктөш издөөгө түртүп жатканын айтыкан. (КЕ)