Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

“Манаста" жергиликтүү каттамдарды кабыл ала турган бөлүм ачылат


“Манас” эл аралык аэропортунда жергиликтүү каттамдарды кабыл ала турган бөлүм ачылат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Анын белгилешинче, ушул тапта аба майданындагы күтүү, жүктөрдү берүү залы оңдолуп жатат. Курулуш иштерин 31-августка чейин бүтүрүү пландалган.

Буга чейин “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилиги Бишкек жана Ош аэропортторун модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзө турганын айткан.

“Манас” аэропортунун инфраструктурасын оңдоо боюнча 24 долбоор бар. 1-2-кабаттарын, күн батыш, күн чыгыш жагын кеңейтип, экинчиден жүк алуу секторунда дагы бир тасма кошуу керек.

Бул долбоорлор бүткөндө жүргүнчүлөр күткөн секторго жалпысынан 4,5 миң чарчы метрден ашуун аянт кошулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG