Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүп жатат


Бишкек.
Бишкек.

“Ала-Арча” резиденциясында башталган жыйынга Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коом өкүлдөрү катышып жатышат.

Жыйындын күн тартибине эки маселе: Кыргызстандын 2040-жылдарга чейинки өнүктүрүү стратегиясы жана 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы коюлган.

Аталган стратегиялар боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулуу Ахметова жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берери күтүлүүдө.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков улуттук стратегия боюнча өз көз карашын билдирет.

Буга чейин июль айында Кыргызстанды 2018-2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын жаңы долбоору иштелип чыкканы кабарланган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда да өлкөнү 2013-2017-жылдар аралыгында өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия иштелип чыккан. Андан кийин 2017-жылдын 15-ноябрында 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясы кабыл алынган. Документ Атамбаевдин жетекчилиги менен даярдалып, алдыдагы 22 жылдагы пландарды камтыганы айтылган. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG