Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 12:12

Нарында катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду


Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарында катуу шамал жети үйдүн чатырын алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 12-августта түшкө жакын шамалдын ылдамдыгы секундасына 16 метрге жеткен. Кырсыктын кесепетин жоюш үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылды. Учурда кырсыктын чыгымын эсептөө иштери жүрүп жатат. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG