Бул тууралуу Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө ишкерликке толук эркиндик берүү жөнүндө убада аткарылбай, күч органдары негизсиз текшерүүнү улантып жатышат.
- Өкмөттүн, күч органдарынын кылып жаткан ишине көзөмөл кылбаса болбойт. Биз үчүн орчундуу маселе - экономиканын өнүгүшү. Ал үчүн инвестиция тартып, ишкерликти өнүктүрбөсөк, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиянын аткарылышы кыйынга турат, - деди Иса Өмүркулов.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү. Анда Кыргызстанды 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы жана 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы талкууланып, кабыл алынды. (BkA)