Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Көчмөндөр оюндарынын ачылышына билеттер сатылып бүттү


Көчмөндөр оюндары. 2016-жыл.
Көчмөндөр оюндары. 2016-жыл.

Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарына билеттер дээрлик сатылып бүттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көлдөгү ипподромдун директору Эламан Мамытов билдирди. Анын айтымында, 9,5 миңдей билет чыгарылса, 13-августка карата анын 5700гө жакыны накталай сатылган.

- Азыр ачылыш аземине билеттер сатылып бүттү, жабылыш аземине билеттер бар. Жалпысынан 9,5 миңдей билет чыгарылган. Ошонун 6,5 миңи сатыкка коюлган. Калгандарын чет мамлекеттен келгендерге президенттин, өкмөттүн атынан, спортчуларга, аймактагыларга, демөөрчүлөргө деп катчылык өзүнчө квоталык орундарды алган. Миңдин тегерегиндеги билетти ар кайсы уюмдар брондоп коюшкан. Алар чекесинен алып жатышат.

Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталат. Билет баасы 400дөн 4 миң 900 сомго чейин сатылууда. Быйылкы мелдештерге 55тен ашуун мамлекеттен спорттун 37 түрү боюнча 2 миңге жакын спортчу катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG