Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Мамлекеттик тилдин укугун коргогон акция өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мамлекеттик тилге болгон мамилени сындап, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында акция өткөрөт. Бул тууралуу активист "Азаттыкка" өзү билдирип, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо учурунда кыргыз тилине одоно мамиле жасалганын белгилеп жатат.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калдыбаев быйыл 1-июлда күчүнө кирген Жарандык кодекстин жаңы редакциясын негиз кылып, Бишкектин мэрин шайлоого байланыштуу журналист Канышай Мамыркулованын арызын кабыл алуудан баш тарткан.

Канышай Мамыркулова өз арызында Бишкек шаарынын мэрине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн көрсөткөн. Журналисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес, "Кыргызтест" өткөрсө мыйзамдуу болмок.

31-июлда Бишкек шаардык кеңешинде жалгыз талапкер Азиз Суракматов тил сынактан өтүп, комиссия "кыргызча билет" деген чечим чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG