Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Гуттереш Каспийдин макамы боюнча конвенцияны "баа жеткис" деп атады


Антониу Гуттериш.
Антониу Гуттериш.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш Каспий деңизи жөнүндө макулдашылган конвенцияны кубаттап, аны "эзелтен келаткан талаштарды жөнгө салуучу баа жеткис жана тарыхый документ" деп атады. Баш катчынын билдирүүсүн эл аралык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

12-августта Казакстанда өткөн саммитте Каспий деңизинин укуктук макамы боюнча тийиштүү документке деңиз боюндагы беш өлкөнүн: Орусиянын, Казакстандын, Азербайжандын, Түркмөнстандын жана Ирандын президенттери кол коюшкан.

20 жылдык талаш-тартыштан кийин жетишилген документке ылайык, деңиз бетинин негизги бөлүгү жалпы колдонууда кала берет. Түбү менен кен байлыктарын, анын ичинде мунай корун коңшу өлкөлөр өз ара тил табышуунун жана эл аралык укуктун негизинде бөлүп алат. Саммитте кабыл алынган конвенцияда аймакка тиешеси жок өлкөлөрдүн аскер күчтөрүн Каспийге жайгаштырууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG