Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Бишкектин жаңы мэри ишке киришти


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырып, ишине ийгилик каалады. Премьер жаңы мэрге баш калааны адамдар үчүн ыңгайлуу шаарга айлантуу тапшырмасы коюлганын жана ал бул милдетти аткарарына ишенерин билдирди.

47 жаштагы Азиз Суракматовду Бишкек шаардык кеңеши 8-августта баш калаанын мэрлигине шайлаган. Анын талапкерлигин кеңештеги 44 депутаттын 43ү колдогон. Бир депутат каршы чыккан.

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү Суракматов курулуш тармагындагы бизнеске ээлик кылып келгенин жүйө келтирип, мэрлик кызматты өз кызыкчылыгына колдонушу мүмкүн деп нааразылыгын билдирген.

Буга чейин "Азиз Суракматовдун мамлекеттик тилди билүү сынагы мыйзамсыз өттү" деп айрым активисттер сотко кайрылган. Бирок Биринчи май райондук соту арызды кароодон баш тартты. (BkA)

XS
SM
MD
LG