Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Тармактык департамент "Абанын бешинчи эркиндигине" түшүндүрмө берди


Кыргызстандагы учактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы учактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти өкмөт жакында киргизүүнү пландап жаткан "Ачык асман" долбоорунун алкагында ишке аша турган “Абанын бешинчи эркиндиги” боюнча түшүндүрмө берди. Департаменттин директору Курманбек Акышевдин айтымында, авиацияда жалпысынан тогуз эркиндик этабы бар деп эсептелет. Кыргызстан буга чейин анын төртөөнө уруксат берген.

Биринчиси учактардын өлкөгө конбой түз учуп өтүп кетишине, экинчиси конуп, май куюп, кайра башка өлкөгө учуп кетишине укук берет. Үчүнчүсү - компанияларга уруксат берилген өлкөгө жүргүнчү, жүк ташуу, ал эми төртүнчүсү - андан чыккан жүргүнчүлөрдү ташып чыгуу укугу. Адатта үчүнчү жана төртүнчү эркиндик чогуу берилет, бирок ал эки тараптуу келишим менен чечилет. Маселен, Орусиялык компанияга Бишкекке жумасына үч каттаганга уруксат берилсе, кыргызстандык компания да Орусияга үч жолу катташы керек болот.

Эгер “бешинчи аба боштондугу” ишке кирсе, анда бул бир тараптуу деле ишке аша баштайт. Натыйжада кызыккан чет элдик авиакомпаниялар Кыргызстанга каалашынча учуп келүүгө мүмкүнчүлүк алат.

10-августта өкмөттүн атайын кеңешмесинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт 2003-жылдан бери ишке ашпай келаткан "Ачык асман" саясатын киргизүүгө бел байлаганын жарыялаган. Буга карата Аба кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сентябрда Жогорку Кеңешке киргизилет.

Кыргызстанда атамекендик төрт жана чет элдик ондон ашык авиакомпания бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG