Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Вестминстердеги окуя теракт катары бааланууда


Кылмыш болгон жер. 14-август, 2018-жыл
Кылмыш болгон жер. 14-август, 2018-жыл

Лондондогу парламент имараты - Вестминстер сарайынын тосмосун жана анын оро-парасында жүргөн кишилерди унаасы менен сүздүргөн киши "террордук кылмышка" байланыштуу шек саналууда. Кесепеттен кеминде эки адам жарадар болгон. Бул тууралуу Лондон полициясы билдирүүдө.

"Окуя болгон жерде автоунаанын айдоочусу - эркек киши кармалды" деген кабар полициянын "Твиттер" барагына жарыяланды.

Окуяны терроризмге каршы командачылык иликтей баштады.

Күбөлөр шектүү айдоочу унаасын катуу айдап адегенде жөө жүргүнчүнү, андан соң велосипед менен бараткандарды сүздүргөнүн, андан кийин Вестминстер сарайына бет алганын көрүшкөнүн айтып жатышат.

"Ал туптуура парламенттин кире беришиндеги тосмого айдады. Ал жерде күзөтүп турган полиция бар экени талашсыз. Менимче атайын эле дал ошол жерге кирип барды. Башка жакка бурбастан түз сокку ургандай болду" - деди Виллиамс аттуу күбө.

2017-жылы мартта жакын эле жердеги Вестминстер көпүрөсүндө кылмышкер жөө адамдарды унаасы менен сүздүрүп, андан соң түшө калып бычак менен кол салган. Адам өмүрлөрү кыйылган ошол теракттан кийин ал тегеректе коргоочу барьерлер көбөйтүлгөн.

XS
SM
MD
LG