Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

Түркия айфондон баш тартууну көздөп жатат


Эрдоган айфон үлгүсүндөгү телефон менен сүйлөшүүдө
Эрдоган айфон үлгүсүндөгү телефон менен сүйлөшүүдө

Түркия АКШда чыгарылган электрондук жабдууларга, анын ичинде "Apple" компаниясынын товарларына бойкот жарыялаганы турат. Президент Режеп Тайып Эрдоган мындай чечимди Түркияга каршы "экономикалык чабуулга" жооп катары мүнөздөдү.

- Биз чет өлкөлүк валюта менен сырттан алып келген ар бир товарды бул жакта дагы жакшы сапатта өзүбүз өндүрөбүз. Эми ал товарларды өзүбүз экспорттой баштайбыз. АКШнын электрондук жабдууларына бойкот жарыялайбыз. Эгер аларда "Iphone" болсо, башка жакта "Samsung" бар, - деди Эрдоган шейшембидеги билдирүүсүндө.

Август айында Вашингтон Түркияда үй камагында отурган америкалык пастор Эндрю Брансону кармоодогу "башкы ролу" үчүн эки түрк министрине санкция салган. Террорчулук боюнча айыпталып жаткан пастор Брансон жыйырма айдан ашык абакта отуруп, жакында эле үй камагына которулган. АКШ пастор бейкүнөө камакта отурганын айтып, аны бошотууну талап кылып келет.

Министрлерге каршы санкцияларды улай АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50% көбөйтүүнү чечкен.

Вашингтондун мындай чараларынан кийин түрк лирасы соңку бир аптада 18-20%кунун жоготту. Бир доллар ушу тапта 6,5 лирадан ашып кетти.

XS
SM
MD
LG