Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Конгресс Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн долбоорду жарыялады


АКШ Конгрессинин имараты.
АКШ Конгрессинин имараты.

Шейшембиде АКШ Конгрессинин сайтында Орусияга каршы мурдагы санкцияларды күчөтө турган мыйзам долбоору жарыяланды. Аны мурда эки партиянын тең өкүлдөрүнөн турган сенаторлор сунуш кылышкан.

"Американы Кремлдин агрессиясынан коргоо мыйзамы" аттуу документ АКШ менен Орусиянын президенттеринин 16-июлдагы жолугушуусунан кийин кабыл алынган.

Мыйзам долбоорунда Крым, Скрипалдардын ууланышы, Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоо жана Сириядагы согуштагы Орусиянын ролу чечмеленген.

Документ кабыл алынгандан 180 күндөн кем эмес убакыт ичинде АКШ президенти "Орусия президенти Владимир Путиндин кызыкчылыгына иштеген саясатчыларга, олигархтарга жана башкаларга" каршы санкция киргизиши зарыл экендиги эскертилген.

Андан тышкары мыйзам долбоору Орусиянын мамлекеттик компаниялары катышкан дүйнөдөгү энергетикалык долбоорлорго 250 млн. доллардан ашык инвестиция салууну тыят. Ошондой эле америкалыктарга Орусияда мунай өндүрүүгө инвестиция салууга да болбой тургандыгы айтылат. Мындан тышкары каржылык чектөөлөр да бар.

Өзүнчө берене менен АКШнын чалгын кызматы 180 күн ичинде президент Путиндин жана анын үй-бүлөсүнүн байлыгы тууралуу кең-кесири отчет берүүгө милдеттендирилген.

Мыйзам долбоору качан жалпы жыйында каралаары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG