Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан кийин каза болду.
Бул тууралуу анын кесиптештери “Азаттык” радиосуна кабарлашты. Маркум менен коштошуу зыйнаты 16-августта саат 10:00дө болот. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлары айтылды.
Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек- ред.) туулган. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин бүтүргөн. Алгач Кыргыз улуттук радисунда, кийин “Европа плюста" иштеп, КТРКда “Акыл ордо” интеллектуалдык ток-шоусун алып барган. Соңку бир жылда өсмө (рак) оорусу күчөп, дарыланып жүргөн.
Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.