Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери президентке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын айрым поезд коштоочулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишти. Алардын бири Рахат Акматова турак жайдын жоктугун, айлык акынын негизсиз кармалып жатканын айтып даттанды.

​- Бизге курулуп жаткан турак жай маселесин ""Кыргыз темир жолундагы" каражаттын жоктугуна байланыштуу" деп токтотуп коюшкан. Өздөрүнө болсо заңгыраган мейманканаларды салып, ошол жерде жашап жатышат. Жетекчилер 2014-жылы алты тепловоз сатып алышкан. Анын акысын төлөш үчүн биздин, жумушчулардын айлыгынан кармап калышкан. Ошондой кылганы мыйзам ченемдүүбү же жокпу?

Мекеменин айрым кызматкерлери бүгүн, 15-августта басма сөз жыйынын өткөрүшөт.

"Азаттык" "Кыргыз темир жолу ишканасынын" жетекчиси Алмазбек Ногойбаевге кайрылды. Ал жүрөгүнөн операция болуп дарыланып жатканын айтып, ишке чыкканда бардык суроолорго жооп кайтарууга убада берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы тууралуу 13-августта Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында “Кыргыз темир жолунун” башкаруу системасына жаңы стандарттар киргизилип, иштөө принциптери толугу менен кайра каралып чыгарын белгилеген.

Кийинки убакта бул ишканадагы коррупция, жетекчиликтин мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу доомат күчөдү. Жогорку Кеңеште "Кыргыз темир жолунун" азыркы жетекчиси Алмазбек Ногойбаевди кызматтан алуу жөнүндө талап бир канча жолу айтылды. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG