Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

"Баламды мектепке кабыл алып коюңуз" акциясы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балдардын укуктарын коргоочулар Билим берүү жана илим министрлиги менен кошо "Баламды мектепке кабыл алып коюңуз" аттуу акцияны баштады. Акциянын максаты - балдардын мектепке кирип, билим алышына көмөктөшүү.

Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу "Балдарды коргоо лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдирди.

Турдубекованын айтымында, акция балдарын мыкты мектептерге орноштурууга шарты жок ата-энелерге жакшы мүмкүнчүлүк берет. Ал ишке киргенден берки аралыкта үч миңден ашуун ата-энеге балдарын мектепке орноштуруу боюнча укуктук кеңештер жана жардам берилген.

Акция Кыргызстанда он жылдан бери өткөрүлүп, окуу жылынын башында балдарын мектепке киргизе албай жүргөн ата-энелерге укуктук жардам жана кеп-кеңеш берилип жүрөт. Былтыр акциянын алкагында 3 миңден ашуун ата-энеге кеңеш берилип, алардын 300үнө жардам көрсөтүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG