Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

"Талибан" Тажикстан менен чектеш Ойхоним уездин басып алды


Тажик-ооган чегиндеги бекет.
Тажик-ооган чегиндеги бекет.

Талибдер Ооганстандын Ойхоним уездин басып алгандан кийин Тажикстандын түштүгүндөгү «Кокул» көзөмөл-өткөрмө бекети убактылуу өз ишин токтотту.

«Талибан» кыймылынын жоочулары Ойхоним уездин жана ошол аталыштагы көзөмөл-өткөрмө бекетин ээлеп алганын Ооганстандын Тахор провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Халил Асир «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди.

Анын айтымында, Ойхоним уезди үчүн болгон кагылышта 13 чек ара кызматкери мерт болуп, жетөө жабыркаган.

- Талибдер көзөмөл-өткөрмө бекеттин жана бажы жабдууларын басып алышты. Учурда Тахор жана Кундуз провинцияларындагы өкмөттүк күчтөр ал аймакта биргелешип атайын операция өткөрүүгө дарданып жатышат, - деди Халил Асир.

Тажикстандын Чек ара кызматы тажик-ооган чек арасындагы абал боюнча бардык маалыматтарга ээ экенин билдирди. Мекеменин өкүлдөрү кабарлашкандай, ал аймакта мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү аракети болгон жок.

Ал ортодо «Азаттыктын» тажик кызматынын Куляб аймагындагы өз булактары талибдер «Ойхоним» өткөрмө бекетине өз желегин илип коюшканын ырасташты.

XS
SM
MD
LG