Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Ноокенде чек ара тозоту ачылды


Ноокен, Жалал-Абад.
Ноокен, Жалал-Абад.

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы чек ара тозотунун имараты ачылды. Анын ачылыш аземине Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барган президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Жээнбеков бул чек ара тозоттору коңшу өлкөлөр менен достук дарбазасына айланышы керек экенин билдирди.

“Акыркы жылдары Тажикстан жана Өзбекстан менен талаштуу чек ара тилкелери дээрлик такталып бүттү. Куралдуу күчтөргө Орусия негизги өнөктөш катары жакындан жардам берип келатат. Биз бул мамилени мындан ары да жакшыртабыз”, - деди Жээнбеков.

Маалыматка ылайык, чек ара тозотунун жаңы имараты ЕАЭБдин алкагында чек араларды бекемдөө максатында Орусия бөлгөн 48,5 млн. доллар каражаттын эсебинен курулду. Курулуш иштерин орусиялык ишкана бүтүрдү.

Быйыл ал каражатка дагы төрт жаңы чек ара тозоту курулат.

Ноокендеги капитан Курманбек Жаныбеков атындагы атындагы чек ара тозоту 2000-жылы түзүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG