Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Лондондо терактка шектүү айдоочунун тек-жайы аныкталды


Лондондогу Вестминстер сарайынын жанындагы полиция кызматкерлери. 14-август, 2018-жыл.
Лондондогу Вестминстер сарайынын жанындагы полиция кызматкерлери. 14-август, 2018-жыл.

Британияда бир күн мурда парламент имаратынын жанында бир нече кишини жана Вестминстер сарайынын тосмосун сүзгөн автоунаанын айдоочусунун тек-жайы аныкталды. ВВС өкмөттөгү өз булактарына таянып ал 29 жаштагы теги судандык Саих Хатер аттуу Британиянын жараны экенин жазды.

Башка маалымат каражаттары кабарлагандай, Хатер беш жыл мурда Британияга көчүп барып, Бирмингемде жашап, дүкөндө менежер болуп иштеген. Анын террордук уюмдар менен байланышы тууралуу маалымдалган жок.

Үч киши жабыркаган окуяны полиция теракт катары иликтеп жатканын шейшембиде Скотленд-Ярд билдирген. Вестминстер сарайынын жанындагы окуя 14-августта жергиликтүү убакыт менен таңкы саат жети жарымда болгон.

Ошол жердеги видеокамераларга түшүп калган тасмадан күмүш түстөгү "Ford Fiesta" Вестминстер көпүрөсү тараптан келатканы көрүнөт. Биг -Бенге жакын келгенде машине дароо солго бурулуп, тротуарда жөө бараткан адамдарды койдуруп, андан ары веложолго өтүп имараттын тосмосун сүзүп токтогону камераларга түшүп калган.

Куралчан полиция кызматкерлери окуя болгон жерге токтоосуз жетип барып, айдоочуну кармашкан.

XS
SM
MD
LG