Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Кабул: жанкечтинин жардыруусунан 50гө чукул киши мерт болду


Армиянын аскери Газни-Кабул кара жолунда жүргүнчүнү текшерип жатат. 14-август, 2018-жыл.
Армиянын аскери Газни-Кабул кара жолунда жүргүнчүнү текшерип жатат. 14-август, 2018-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы жардыруудан 50гө чукул кишинин өмүрү кыйылды. Кол салуу Кабулдун батыш тарабындагы шииттер жашаган аймакта болду. Жанкечти Дашт-э-Барчи районундагы билим берүү борборунун маңдайында өзүн жардырганын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даниш билдирди.

Расмий бийликтин маалыматына караганда, бери дегенде 70 киши жарадар болду.

Азырынча кол салууну эч ким мойнуна ала элек.

Шейшембиде түндүктөгү Баглан провинциясында "Талибан" кыймылынын жоочулары өткөрмө бекетке кол салып, ооган армиясынын кеминде 30дай аскери курман болду.

XS
SM
MD
LG