Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Анкара Эрдогандын Кыргызстанга келерин расмий кабарлады


Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган. 9-июль, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган. 9-июль, 2018-жыл.

Бул тууралуу түрк президентинин басма сөз катчысы Ибрахим Калын журналисттерге билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган Көчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндарына жана Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Уюмунун VI саммитине катышаары белгилүү болду. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуусу каралган.

Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Уюмунун саммити 2016-жылы Бишкекте өтүшү керек эле. Бирок белгисиз себеп менен кийинкиге жылдырылган.

Түрк мамлекет башчысы Кыргызстанга келээрин президент Сооронбай Жээнбеков Кочкор-Атада жүргөн кезинде өзү да ырастаганын анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Эрдоган акыркы жолу Кыргызстанга 2013-жылы Түркиянын премьер-министри болуп турган убакта келген. (ElB)

XS
SM
MD
LG