Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Экономист Жумакадыр Акенеев дүйнө салды

Жумакадыр Акенеев
Жумакадыр Акенеев

Экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 15-августта көз жумду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Базарлар, соода жайлары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 50дөн ашык илимий эмгек жазган. 

XS
SM
MD
LG