Тажик бийлиги 20-августтан тарта SIM-карталардын наркын 250 сомониге ($26) чейин көтөрүүнү пландап жатат. Бул азыркыга салыштырмалуу 50 эсе кымбат.
Өлкөдөгү үч ири мобилдик оператор бул маалыматты ырастады. Тажик ИИМи бул чечим 29-июлда Дангарадагы чет өлкөлүк туристтерге кол салуудан кийинки “коопсуздук чараларын” күчөтүүгө байланыштуу экенин билдирди.
Алгач SIM-карталарды 1000 сомониге ($104) чейин сатуу сунушталган, бирок талкуу учурунда анын баасын төмөндөтүүнү чечишкен.
"Айрым абоненттер номер алмаштырганды жакшы көрөт, SIM-карталардын баасын көтөрүү мунун алдын алат. Мындан тышкары тажик операторлорунун SIM-карталары колдон-колго өтпөй калат", – деди Байланыш кызматынын өкүлү.
Мобилдик операторлордун биринин өкүлү “Азаттыктын” тажик кызматы менен сүйлөшүү учурунда айрым абоненттер орус же кыргыз SIM-карталарын сатып алып, роумингге туташтырып алышы мүмкүн экенин, бул алда канча арзан түшөрүн божомолдоду. Кыргызстан менен чектеш райондун жашоочулары мындай ыкманы азыртан эле колдонушат.
9 миллион жашоочусу бар Тажикстанда 4,1 миллион активдүү абонент бар. Учурда өлкөдө төрт мобилдик компания иштейт.
29-июлда Дангара районунда велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган. Тажикстандын ички иштер министри автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал жана бычак менен кол салганын билдирген.
Туристтердин өлүмүнө себепчи болгон айдоочу жана автоунаадагы башка адамдар окуя болгон жерден качып кеткен. Көп өтпөй 21 жаштагы жигит колго түшкөнү белгилүү болгон. Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.