Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Кыргызстанга дүйнөдөгү ири кооперативдердин эксперттери келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга дүйнөдөгү кооператив кыймылдары өнүккөн Финляндия, Болгария, Индия, Кытай, Малайзия, Германия жана Жапония өңдүү өлкөлөрдөн 20га жакын эксперт келет. Алар быйыл сентябрда Бишкекте өтө турган кооперативдердин эл аралык форумуна катышып, дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба менен тааныштыруу үчүн чакырылган. Мындан тышкары, алар Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы ушундай кыймылдардын абалын талкуулашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Кооперативдер бирикмесинин жетекчиси Назик Бейшеналы ​билдирди.

- Кыргызстан беш жыл бою аракет кылып жүрүп быйыл эл аралык Кооперативдер альянсына мүчө болуп кирди. Быйыл алтынча форумду өткөрүп жатабыз. Азыр кооперативдер ушул жыл убагында канча бир келишимдерди түзүп, экспортко чыга баштады. Кайра иштетүү механизмин да ишке ашырып жатышат. Кооператив түзүүнү дагы үйрөнүш керек. Дароо эле түзүлүп, бири-бирине ишенип кете албайт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 300дөй кооператив катталган, бирок адистер алардын жүзгө жакыны гана алгылыктуу иш алып барарын айтууда.

Президент Сооронбай Жээнебеков 15-августта Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуп жатып аймактарды өнүктүрүүдө кооперативдердин ролу чоң экенин белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG