Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү жерге берилди


Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматованын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Маркум менен коштошуу зыйнаты Коомдук телерадиокорпорациянын имаратында өттү. Ага Саматованын жакындары, кесиптештери, жүздөгөн күйөрмандары катышты.

46 жаштагы Салтанат Саматова кечээ 15-августта дүйнөдөн кайткан. Ал акыркы жылдары өсмө (рак) илдетинен жабыркап, дарыланып жүргөн.

Саматова кесиптик ишмердигин Кыргыз улуттук радиосунда баштап, кийин “Европа плюс" радиосунда популярдуу программаларды алып барган. Акыркы жылдары КТРКда “Акыл ордо” интеллектуалдык ток-шоусунун алып баруучусу катары таанымал эле.

Мындан сырткары Салтанат Саматовв өлкөдө майрамдык, массалык аземдерди алып барып, кайрымдуулук иш-чараларын уюштурган.

Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды. (BkA)

XS
SM
MD
LG